Главная страница » Казакстанда Каспий деңизинин жээгинен 80ден ашык жансыз тюлень табылды

Казакстанда Каспий деңизинин жээгинен 80ден ашык жансыз тюлень табылды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Каспий деңизинин жээгинен тюлендердин жансыз денеси табылганын Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба комитети билдирди.

Жээкке чыгарылган 88 сөөктү Жайык-Каспий аймактык бассейндик балык чарба инспекциясынын кызматкерлери Маңгыстау облусунун Түпкараган районунан табышкан. Окуя болгон жерге инспекциянын, акиматтын, гидробиология жана экология институтунун өкүлдөрү барышкан. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын өлүм фактысы каттоого алынган.

Окумуштуулар берген маалымат боюнча, жаныбарлардын сөөгү ажыроонун акыркы баскычында, бул токсикологиялык жана патологоанатомиялык анализдерди кошо алганда, андан аркы лабораториялык изилдөөлөр үчүн сапаттуу үлгүлөрдү алууга болбойт дегенди түшүндүрөт.

«Учурда суу жаныбарларынын өлүмүнүн себептерин аныктоо кыйын», – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Сөөктөр чогултулуп, санитардык нормаларды сактоо менен Түпкараган районунун полигонунда жок кылынган. Адистер Каспий деңизинин жээк тилкесине мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Буг чейин, 2024-жылдын күз айларында да Каспийдин жээгинде массалык түрдө жансыз тюлендердин сөөгү табылган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz