Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт
Turmush — Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген адамдар 2 айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган тургуну Дж.С. менен Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган тургуну А.Б. Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен 2 айга камакка алынды.
Буга чейин 25-апрель күнү Кара-Суу РИИБге Отуз-Адыр айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну А.А. (кыз) аттуу тургуну оор жаракат алып, каза болгону кабарланган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон. Иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган тургуну Дж.С. менен Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган тургуну А.Б. кармалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды