Главная страница » Кара-Сууда уулу затка айланып кеткен пестициддер залалсыздандырылып жатат.

Кара-Сууда уулу затка айланып кеткен пестициддер залалсыздандырылып жатат.

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКара-Суу шаарында уулу затка айланып кеткен пестициддер залалсыздандырылып жатат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн түштүк-батыш кол башчылыгынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнүн улук офицери Бекназар Абылкасымов билдирди. 

«26-апрель күнү Кара-Суу шаарынын Эркин айылында сакталып, кампада калып кеткен пестициддерди залалсыздандыруу жана таңгактоо боюнча 1-баскычын аткаруу үчүн Коргоо министрлигинин радиациялык, химиялык жана биологиялык кызматынын кызматкерлери кампага барышкан. 21-апрелден баштап залалсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Пестициддер кургак жана суюк түрдө болгон. Кызматкерлер коргоонуучу каражаттарды кийип, уулу затка айланып кеткен пестициддердин кургактарын, жаңы каптарга салып, суюктарын атайын идиштерге салып залалсыздандырып жатышат. Атайын 19 контейнер коюлган, ошол контейнерге жүктөө иштерин жүргүзүп жатышат. Иштер 30-апрелге чейин  жүргүзүлөт. Жумуштун экинчи этабын башка ведомстволор аткарышат. 

Буга чейин курултайда Кара-Суудан  барган  делегат маселе көтөргөн. Ошонун негизинде залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Экинчи баскычта атайын зыяндуу заттарды таштай турган чуңкурларга алып барып көмүп, жок кылышат. Аны башка ведомстволор аткарат», – деди ал.

Пестициддер (латын тилинен Pestis- жугуштуу жана caedo – жок кылуу) – өсүмдүк илдеттерине, отоо чөптөргө, жыгач, жүн, тери, дан жана дан азык-түлүктөрүнүн зыянкечтерине, мал мителерине, ошондой эле адам жана жаныбарлар коркунучтуу ооруларын таратуучуларга каршы күрөшүү үчүн колдонулуучу химимялык каражаттар.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz