Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1 кг кулпунай 300 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 3-майда Кара-Көл шаарында чоң базар өттү. Ага Жалал-Абад облусунан келген соодагерлер, дыйкандар жана айрым соодагерлер Оштон, Кара-Балта шаарынан да келгендери бар.
Эң кызыгы базарда бүт нерсе бар. Бирок кымбат. Жазгы жаңы бышкан жашылчалар, мөмө-жемиштер келген.
Баалары:
– 1 кг жаңы бышкан сарымсак — 250-350 сомго чейин;
– пияз — 50-55 сомго чейин;
– калемпир (перец) — 200-250 сомго чейин;
– жаңы бышкан кызылчанын 1 таңгагы (пучок) — 90 сомдон;
– 1 таңгак чамгыр (пучок репы) — 60 сомдон;
– черешня — 350 сомдон;
– баклажан — 220 сомдон;
– жашыл чөптүн (зелен) түрүнүн 1 таңгагы —20-30 сомго чейин;
– капустанын килограммы — 50-65 сомго чейин;
– бадыраң — 60-70 сомго чейин;
– кулпунай — 200-300 сомго чейин (кичинекей челеги 500 сом 2кг 200 гр чыгат);
– помидор, капуста, болгарский, кызылча, баклажандын көчөттөрүнүн 1 даанасы 2 сомдон сатылууда;
Ошондой эле Токтогулдун Чоң-Дөбө тоосунун адырларынан терилип келген кымыздык 1 таңгагы 100 сомдон сатылууда. Сатуучу кымыздык боор оорусуна пайдалануу экенин белгилеп өттү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды