Главная страница » » Кадамжайлык фермер гиластын ысык-суукка чыдамдуу сорту тууралуу айтып берди

» Кадамжайлык фермер гиластын ысык-суукка чыдамдуу сорту тууралуу айтып берди

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКадамжайда гиластын «Роял тиого» сорту бышып, 1 килограммы 320 сомдон бааланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга фермер Толубай Жалилов билдирди.

Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак аймагынын тургуну фермер-агроном Толубай Жалиловдун айтымында, аталган аймакта аба-ырайы ысык болгондуктан бардык мөмө-жемиштер салыштырмалуу эрте бышат.

«Мен жеке өзүм түшүмдү жакшы берүүчү жана даамдуу болгон Американын «Роял тиого» деген сортунан отургуздум. Абдан жакшы мөмө байлайт экен. 3 жылдык көчөттөн сорттолгондон сырткары бир көчөтүнөн 10 килограммдан гилас берет. Гиластын бул сорту буга башка сортторуна караганда ысык-суукка чыдамдуу келет. Ар бир көчөттү 4 доллардан сатып алып отургузганбыз. Азыркы баасы 5 доллар болуп калды.

Көлөмү дагы орточо болот. Гиластын астына кулпунай эккенмин. Кулпунайды дагы эрте бышуучу сортунан тиккем. Кулпунай сатылып бүткөндөн кийин гилас бышат. Гиласты азыркы учурда кардарлар бир килограммын 320 сомдон сурап жатат», – дейт ал.

«Роял Тиога» (Royal Tioga) — бул черешня сортунун аталышы. Бул сорт өзүнүн чоң жана таттуу мөмөлөрү менен айырмаланат. Жемиштери кара кызыл түстө, жалпак жүрөк формасында жана өтө тыгыз, ширелүү эти менен белгилүү. 

Өсүү шарттары:

  • Роял Тиога сортусу жылуу климатта жакшы өсөт.
  • Орточо нымдуулугу бар, жакшы дренаждалган топурактарды талап кылат.
  • Аталган сортко үзгүлтүксүз кам көрүү керек.

Буга чейин Толубай Жалилов өрүктүн «Приция» деген сорту тууралуу маалымат берген. Толук маалыматты бул жерди басып окуй аласыз.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz