Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылынан агып өткөн Кожо-Кайыр каналына чакан ГЭС курулууда.
ГЭСтин кубаттуулугу саатына 650 кВт электр энергиясын өндүрөт. Ишкананы курууга жалпы 440 миң доллар инвестиция болгон. Анын ичинен 25 млн сому Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя берилген.
- Өндүрүш ишканасын 2025-жылдын 31-августуна пайдаланууга берүү пландалган.
ГЭСтин курулушу менен 10 жумуш оруну түзүлөт жана жергиликтүү деңгээлде электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды