Главная страница » Күндүз жаан-чачын болбойт — 3-майга карата аба ырайы

Күндүз жаан-чачын болбойт — 3-майга карата аба ырайы

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызгидромет маалымдагандай, 3-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +26…+31

Талас облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +24…+29

Баткен облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +27…+32

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +27…+32

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +17…+22

Нарын облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түндө жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz