Главная страница » Хоккей боюнча курама команда тарыхта алгач ирет дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионуна чыкты

Хоккей боюнча курама команда тарыхта алгач ирет дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионуна чыкты

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионуна чыкты.

2025-жылы кыргызстандыктар үчүнчү дивизиондун («А» тайпасы) турнирине катышты. Оюндар 21-27-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында алты курама команданын катышуусунда өттү.

Кыргызстандыктар жалпы 27:5 эсебинде бардык 5 беттеште жеңишке жетишип, мүмкүн болгон 15 упайдан 15ин топтоп, дивизиондун жеңүүчүсү болушту.

Дивизиондун чемпиондугунан тышкары, Кыргызстандын курама командасы өз тарыхында биринчи жолу экинчи дивизионго жолдомо алды. 2026-жылы кыргызстандыктар «В» тайпасында ойношот.

2026-жыл үчүн катышуучулардын акыркы курамы 5-майда белгилүү болот.

Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатында биринчи жолу 2019-жылы БАЭде үчүнчү дивизиондун квалификациялык турниринде дебют жасаган. Ал жерде кыргызстандыктар катарынан төрт жеңишке жетишкен, бирок БАЭ курама командасына каршы акыркы оюндун алдында турнирдин калыстар тобу россиялык Александр Титовдун беттештерге катышуусунан улам Кыргызстандын курама командасына 0:5 эсебинде техникалык жеңилүү ыйгаруу чечимин кабыл алган.

Акыркы беттеште кыргызстандыктар БАЭ курама командасын 7:4 эсебинде утушса да, бирок турнирдик таблицада акыркы орунда калып, төртүнчү дивизионго түшүп калган.

Кийинки дүйнө чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылы өткөн. Кыргызстан Бишкекте төртүнчү дивизиондун турнирин кабыл алып, аны жеңип, үчүнчү дивизионго («В» тайпасы) чыккан.

2022-жылы кыргызстандыктар Босния жана Герцеговинада өткөн үчүнчү дивизиондо («В» тайпасы) бардык 5 беттеште жеңишке жетип, үчүнчү дивизиондун «А»тайпасына чыккан.

2024-жылы дүйнө чемпионаты кайрадан Бишкекте өткөн. Кыргызстандыктар 2-орунду ээлешип, болгону Тайланд курама командасына утулуп калышкан.

Бир жылдан кийин Түркияда Кыргызстандын курама командасы үчүнчү дивизиондун «А» группасын жеңип, экинчи дивизионго чыга алышты.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz