Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Францияда масштабдуу рейд жүрүп, анын алкагында абактардагы кол салууга тиешеси бар деген шек менен 25 адам кармалды, деп билдирди «Euronews».
Колго түшүрүү операциялары 28-апрель күнү эртең менен Иль-де-Франста, ошондой эле ири шаар деп эсептелген Марсель, Лион жана Бордодо өттү.
Улуттук антитеррордук прокуратуранын маалыматы боюнча, мындай рейддер дагы бир нече күн уланат. Шектүүлөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн.
Акыркы эки жуманын ичинде «француз туткундардын укуктарын коргойбуз» деген топ абактарга жана андагы кызматкерлерге кол салып, пенитенциардык мекемелердин жанында автоунааларды өрттөп, ар кандай видеолорду жарыялашкан. Ошондой эле абактарга аткылоо жана Калашников автоматын колдонуу менен кол салуулар болду.
Антитеррордук прокуратура жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы кол салуулар өтө олуттуу уюшкан кылмыштуулуктун бир бөлүгү болушу ыктымал деп билдирди. Тергөө иштерине өлкө боюнча 200гө жакын тергөөчү тартылган.
Франциянын юстиция министри Жеральд Дарманен бул окуяны өлкөдөгү эң кооптуу 700 баңги соодагеринин ичинен 200 адамды катуу режимдеги 2 абакка киргизүү планына байланыштуу болушу мүмкүн деп билдирди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды