Главная страница » «Евразия» уюму Орок айылында аква зонасы, дино-парк, муз аянтчалары бар алгачкы акысыз парк курат

«Евразия» уюму Орок айылында аква зонасы, дино-парк, муз аянтчалары бар алгачкы акысыз парк курат

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush29-апрелде Бишкек шаарында «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Евразия» уникалдуу маданий оюн-зоок паркынын долбоорун сунуштады. 

«Биздин меценаттардын колдоосу менен «Евразия» уюму Бишкек шаарында үй-бүлөлүк балдар паркын түзүү боюнча ири социалдык долбоорду ишке ашырып жатат. Мындай долбоорлор Евразия өлкөлөрүн достук жана континенттеги элдердин гүлдөп-өсүшү идеясынын айланасында бириктирип, биздин жалпы руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга таянат. 

Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго «Евразиянын» долбоорлорун туруктуу колдогону жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу саясаты үчүн ыраазычылык билдирем», — деди РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты, АКУ «Евразия» кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев бул долбоор борбордун маданий жашоосунун өнүгүүсүндө чыныгы маанилүү кадам болуп, өлкөнүн инфраструктурасынын бир бөлүгү жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун символу боло турганын белгиледи.

«Орок айылында заманбап маданий-оюн-зоок паркын куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен АКУ «Евразия» уюмунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде мүмкүн болду. Бул долбоор — өнөктөштүктүн жана маданият менен социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө болгон умтулуубуздун ачык мисалы. Бул демилгени Министрлер Кабинети колдоп, 10 гектар жер тилке бөлүп берди», – деди вице-мэр.

«Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова паркты куруу үчүн Кыргызстан кокусунан тандалбаганын айтты. Быйыл Евразия экономикалык союзунун (ЕАЭС) түзүлгөнүнө так 10 жыл толуп, бул аралыкта ал Евразия мейкиндигиндеги маанилүү биримдикке айланды. Ал эми Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

«2024-жылы Кыргыз Республикасы менен АКУ «Евразия» ортосунда салттуу баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну камтыган маанилүү кызматташтык келишимине кол коюлган. Бүгүн бул келишим өз жыйынтыгын берип жатат», — деди ал.

Урумкулова парк куруу толугу менен меценаттардын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен жана заманбап жогорку стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи.

«АКУ «Евразия» — бул ар түрдүү маданияттагы, ар түрдүү салттагы элдерди бириктирген ынтымактуу үй-бүлө. Биз Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда достук мамилелерди түзүүгө шарттарды жаратууга умтулабыз. Ар бир долбоорубуз — бул Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду, достукту, өз ара урматтоону бекемдөөгө багытталган кадам», — деди ал.

«Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директорунун орун басары Долон Аскарбеков «Евразия» паркынын Кыргызстандагы башка парктардан айырмачылыктарын белгилеп өттү:

Биринчиден, социалдык багыттуулугу: парк борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн толугу менен акысыз болот;

Экологиялуулугу: ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн өз алдынча суу скважинасы казылган;

Инклюзивдүүлүк: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар — пандустар, навигация каралган;

Муниципалдык менчик: курулуш бүткөндөн кийин парк Бишкек шаарынын мэриясына акысыз өткөрүлүп берилет;

Туруктуу башкаруу: 25 жыл ичинде фонд паркты камсыздоо, тейлөө, коопсуздугун сактоо, тазалыгын камсыз кылуу жана аттракциондорду жаңылоо милдетин өзүнө алат;

Жаңы муундагы инфраструктура: аквазона, дино-парк, мини-стадион, жармаңке үйлөрү жана муз аянтчасы каралат.

Долон Аскарбеков парк электрондук кезек системасы менен акысыз иштей турганын билдирди.

«Паркка электрондук кезек системасын киргизүү пландалууда, анда ар бир конок кайсы бир аттракционго алдын ала кезекке туруп, брондоп алса болот. Ошондой эле парктын аймагын онлайн-режимде кыдырып көрүүгө да мүмкүнчүлүк болот. Биз парктагы убакытты мүмкүн болушунча ыңгайлуу өткөрүүгө шарт түзүүгө аракет кылуудабыз», — деди ал.

Презентация учурунда катышуучулар аттракциондордогу коопсуздук маселесин да көтөрүштү.

«Азыркы тапта паркта иштей турган квалификациялуу кызматкерлерди тандоо жүрүп жатат. Бул биз үчүн эң башкы маселелердин бири. Учурда коопсуздук боюнча нускамалар өткөрүлүүдө, үйрөтүүчү тренингдер уюштурулуп жатат жана албетте, парк бардык талап кылынган эл аралык стандарттарга жооп бере турган болот. Долбоордун пайдаланууга берилүү мөөнөтү быйыл жайга пландалган», — деди «Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова.

«Евразия» паркы Кыргызстандын инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп, борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн жалгыз акысыз жана коопсуз эс алуу аймагына айланат. Парк көп функциялуу комплекс катары ар кандай эс алуу зоналары менен долбоорлонуп, элдердин достугунун символу болот, — деп белгилешти АКУ «Евразияда».

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz