Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облустук соту жабык сот отурмунда аял зордуктоо боюнча айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Дарашбай (аты өзгөртүлдү С.Д.С.) Ак-Суу районундагы айылдардын биринде туулган. Мурда соттолгон. Ысык-Көл облусундагы шаарлардын биринин тургуну.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Дарашбай 2024-жылдын 3-октябрь күнү саат 07:40 чамасында шаардагы батирлердин бирине мыйзамсыз кирип, жабырлануучу Чиегүл (аты өзгөртүлдү Ч.А.) уктап жаткан жеринен чочутуп ойготуп, күч колдонуп, бетке муштум менен уруп, эркине каршы зордуктаган.
Шаардык соттун өкүмү:
Дарашбай шаардык сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Эки жазасы жарым-жартылай кошулуп, биротоло 5 жыл 2 айга камалган. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 6-октябрынан баштап эсептелинген.
Жабырлануучунун көрсөтмөсү:
Жабырлануучу Чиегүл тергөө маалында жана соттук отурумдарда берген көрсөтмөлөрүндө окуя болгон күнү жолдошу эртең менен эрте жумушка кеткенин, өзү уктап жатканда Дарашбай үйүнө мыйзамсыз кирип келип күч колдонуп, зордуктап жаткан убакта, жолдошу келип калганын терезеден көрүп калып качып кеткенин айтып берген.
Келтирилген даттануу:
Дарашбайдын өкүмгө макул болбой, облустук апелляциялык даттануу келтирген. Ал Чиегүлгө эч кандай зордуктоо болгон эместигин, жыныстык анын макулдугу менен болгонун күбөлөр тастыктап турса да, экспертизанын так корутундусу жок болгонуна карабастан сот аны күнөөлүү деп табып койгонун билдирген. Чиегүл мурда көрсөтмө бергенде күйөөсү ичип келип, экөө уруша кеткени жөнүндө айтканын, демек бетиндеги жаракаты башка жагдайда да пайда болушу мүмкүн экенин көрсөтүп, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, аны актап берүүнү суранган.
Ысык-Көл облустук сотунун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2025-жылдын 23-апрелинде иштин материалдарын карап чыгып, шаардык соттун Дарашбай жөнүндөгү өкүмүн өзгөрттү. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2024-жылдын 6-октябрынан баштап эсептелинип, өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды. Чечимге нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды