Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2025-жылдын 1-майынан тарта Тайландда чет өлкөлүк жарандар үчүн алдын ала электрондук каттоо системасы (Thailand Digital Arrival Card, TDAC) милдеттүү болот. Мындай расмий маалыматты Тайланд Падышачылыгынын Тышкы иштер министрлиги жарыялаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эми Тайланддын аймагына аба, кургак жол же суу аркылуу кирүүнү көздөгөн бардык чет өлкөлүк жарандар сапар башталганга чейин 72 сааттан кечиктирбестен TDAC электрондук каттоо формасын tdac.immigration.go.th расмий сайтында онлайн режиминде толтурууга милдеттүү. Бул талап Кыргыз Республикасынын жарандарына да тиешелүү.
Анкета ийгиликтүү тапшырылгандан кийин арыз берүүчүнүн электрондук почтасына каттоону ырастаган билдирүү жөнөтүлөт. Бул билдирүүнү Тайландга келген учурда паспорттук көзөмөл кызматкерине көрсөтүү зарыл.
Жаңы система чек ара көзөмөлүнүн жол-жобосун тездетүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту күчөтүүгө багытталган. Бирок бул система визалык талаптарды жокко чыгарбайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды