Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Испанияда 28-апрелде электр жарыгынын масштабдуу өчүрүлүшүнүн кесепетинен кеминде 5 адам каза болду, деп жазды «El Pais».
Оренсе шаарында Жарандык гвардиянын кызматкерлери жубайлар менен алардын уулунун өлүмүн иликтеп жатат. Алардын сөөгү 29-апрелде эртең менен табылган. Криминалисттер өлүмдүн болжолдуу себеби катары генератордун бузулушунан чыккан газ менен ууланууну аташууда. «El Pais» белгилегендей, өлкө жарыксыз калган учурда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан газ уулануусунан 9 адам куткарылган.
Валенсияда жарык өчүрүлгөндөн кийин кычкылтек аппаратына туташкан 46 жаштагы аял каза болгон. Полиция кызматкерлери дарыгерлер келгенге чейин аны жасалма дем алдырууга аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан эмес.
Дагы бир аял Карабанчел шаарында каза болду, анын үйүндө жарык өчүрүлгөндөн кийин өрт чыккан. Полиция өрт шамдан улам келип чыккан деп болжолдоодо.
28-апрелде күндүз Испаниянын, Португалиянын, Андорранын көпчүлүк бөлүгү жана Франциянын бир нече аймагы жарыксыз калды. Учурда авариянын так себеби белгисиз.
Испанияда 29-апрелге карата турак жайлардын 99,16%ына электр энергиясы кайрадан берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды