Главная страница » Дзюдочу Эмирхан Жолдошказиев Азия чемпионатында коло медаль утту

Дзюдочу Эмирхан Жолдошказиев Азия чемпионатында коло медаль утту

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык спортчу Эмирхан Жолдошказиев 2025-жылдагы дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту. Мелдештер Тайландда өтүп жатат.

20 жаштагы Жолдошказиев 100 кг ашык салмак категориясында күч сынашып, беттешти 1/8 финалдан баштаган. Ал алгач казакстандык балбанды жеңди.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан кореялык спортчуга утулган. Кореялык балбан беттештердин жыйынтыгында Азия чемпиону болду.

Коло медаль үчүн жубатуучу турнирде Жолдошказиев алгач моңголиялык спортчуну жеңип, 3-орун үчүн беттеште Кытай Тайбэйинин спортчусунан алдыга чыкты.

Бул Азия чемпионаты Жолдошказиев үчүн чоңдор арасындагы дебюттук мелдеш болду.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz