Главная страница » Душмандын туусун жыгууда минага жарылып, эки бутунан ажыраган Кудайберген Чапаев согуштан кийин 13 балалуу болгон

Душмандын туусун жыгууда минага жарылып, эки бутунан ажыраган Кудайберген Чапаев согуштан кийин 13 балалуу болгон

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushУлуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кудайберген Чапаев Ленинград шаарында душмандын туусун жыгууда минага жарылып, 2 бутунан ажырап келген.

Чүй облусунун Аламедин райондук сотунун жардамчысы таятасы Кудайберген Чапаев жөнүндө эскерди.

«Менин таятам Кудайберген Чапаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1925-жылы төрөлгөн. 1941-жылы 17 жашында аскерге чакырылып согушка аттанган. Согуш учурунда бөлүмдүн командири болуп, сержант наамын алыптыр. Согуш аягына чейин кан күйгөн майданда болуптур. Ошондо Ленинград шаарынан душмандарды сүрүп чыгарып, кырчылдашкан майданда душмандын туусун жыгууга буйрук алып, аткаргандардын бири болгон. Дал ошол учурда минага жарылып 2 бутунан тең ажырап келген экен. Өмүрүнүн аягына чейин туулуп өскөн айылында эмгектенип, 1971-жылдын аягында дүйнө салды.

Мен таятам менен сыймыктанам. Таятам менин баатырым. Биздин жаркын келечек үчүн өз өмүрүн аяган эмес», – деди небереси Назира.

Кудайберген Чапаев 3 эркек бир туугандын улуусу болгон. Ал согуштан кийин үйлөнгөн.

«⁠Таятам согуштан кийин иштеп жүрүп үйлөнүп, 13 балалуу болот. Бирок тилекке каршы анын ичинен экөө кичинекей кезинде эле чарчап калышкан. Азыр 9 баласы бар, менин апам эң кичүүсү. Ал эми чоң-чоң таятамдын аты Чапай болгон. Анын ысымы Василий Чапаевдин урматына коюлуптур. Айыл жергесинде чоң кадыр-баркка ээ болгон экен», – деди ал.

  • Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) Кыргызстан (ошол учурдагы Кыргыз ССР) болжол менен 360 миңден ашуун адамды фронтко жөнөткөн. Бул ошол кездеги республиканын жалпы калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү болгон. Алардын ичинен болжолдуу 100 миңге жакыны согуштан кайтпай калган же дайынсыз жоголгон.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz