Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Ренат Темирбекович Түлөбердиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Мындай чечим акционерлердин 2025-жылдын 28-апрелиндеги жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Компаниядан «Tazabek′ке» билдиришкендей, төраганын ыйгарым укуктары Мирлан Алиаскарович Коңурбаевге өттү.
Директорлор кеңешинин дагы бир мүчөсү болуп Кайрат Олжобаевич Иманалиев шайланды. Ал – драматург, Улуттук жазуучулар союзунун жана Театр ишмерлер союзунун мүчөсү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин мурдагы биринчи орун басары, КТРКнын мурдагы башкы директору.
Директорлор кеңешинин курамы төмөнкүдөй:
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич;
- Жунушбаев Элзар Аликович;
- Коңурбаев Мирлан Алиаскарович;
- Жалалов Жаныбек Махматалиевич;
- Ашимбаев Сабыркул Абасович.
Чогулушта ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлөрүн күтүү үчүн 2025-жылга карата 8 793 035 сом суммасындагы чыгашалар сметасы бекитилди.
Ошондой эле 28-апрелде компаниянын башкармалыгы төмөнкү курамда кайрадан шайланды:
1. Самидинов Манасбек Самидинович – башкармалыктын төрагасы;
2. Курманбеков Медербек Темирбекович – башкармалыктын мүчөсү;
3. Жапаров Талгат Эрмекович – башкармалыктын мүчөсү;
4. Мамбетов Алтынбек Мурадилович – башкармалыктын мүчөсү;
5. Мамаев Аман Махмудович – башкармалыктын мүчөсү;
6. Шамшиев Жанат Абдилсаитович – башкармалыктын мүчөсү;
7 Сарманов Бакыт Изатбекович – башкармалыктын мүчөсү.
Жылдык чогулушта ачык акционердик коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү кайрадан шайланды.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду:
1. Сулайманова Таалайкүл Кариевна;
2. Кусеинов Туратбек Акматович;
3. Халмурзаев Асылбек Урбаевич
Жаңы курам:
1. Кусеинов Туратбек Акматович;
2. Халмурзаев Асылбек Урбаевич;
3. Турдалиев Бактыбек Тургунполотович.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн күтүү үчүн 2025-жылга карата чыгашалар сметасы 6 829 914 сом суммасында бекитилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды