Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өзбекстандын жараны деңиз ташбакасын Өзбекстанга алып кирүүгө аракет кылган учурда чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалы көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 30-апрелинде Ош шаарынын «Достук» чек ара өткөрмө пунктунда Г.Б. аттуу Өзбекстандын жараны тарабынан 197 баш тирүү кичинекей деңиз ташбакасын Өзбекстан Республикасына өткөрүп жатканда Чек ара кызматкерлери тарабынан кармалып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп, алынды.
«Өзбекстандын Г.Б. аттуу жаранына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 262-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 20 миң сом айып салынып, 197 баш кичине деңиз таш бакаларын Ош шаарынын А.Навои паркындагы жеке ишкер И.Эргешовго тиешелүү зоопаркка өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды