Главная страница » Депутат президенттин өкүлүнө анын апасы менен жубайынын катын тапшырды

Депутат президенттин өкүлүнө анын апасы менен жубайынын катын тапшырды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Депутат Надира Нарматова («Ата Журт—Кыргызстан») Түркияда кармалган Азамат Нурматовдун жубайынын жана апасынын кайрылуусун президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмас Абытовго тапшырды.

Парламенттин 30-апрелдеги жыйынында ал катты президентке жеткирүүнү өтүндү.

«Бул маселе президенттин деңгээлинде чечилбесе… Анын тиркеме колдонгону үчүн кармалды деп айтып жатышат. Ал тиркемеге элдин баары кирет экен. Болбогон жерден өсүп келе жаткан кадрыбызды жоготуп алганыбыз жакшы болбойт. Ноокат районунун тургундары маселени чечүүгө жардам берүүнү талап кылып жатышат», – деди ал.

Буга чейин 19-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов 7 окуучусу менен Түркиянын Анталья шаарында өтүүчү математика боюнча эл аралык олимпиадага катышуу үчүн Түркияга учуп барып, Стамбул аэропортунан дайынсыз жоголгону кабарланган.

Кийинчерээк анын аэропорттон кармалганы белгилүү болгон. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна мугалимдин кармалышына байланыштуу вербалдык нота тапшырган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz