Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Депутат Бакытбек Марипов (Ноокат округу) бүгүн, 29-апрелде мамлекеттик тилди билбеген жарандардын маянасын кыскартуу сунушун берди.
Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген кызматкерлерге мамлекеттик тилди билбесе кандай чара көрүлөрүн сурады.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 108-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып жаткандыгын билдирди.
«Эгер мыйзам колдоо таба турчу болсо, беренеге ылайык, биринчи эскертүү берилет. Алар белгилүү бир мөөнөт аралыгында кемчиликти жоюшу керек. Жоюлбаса жеке жактарга 50 (5 000) көрсөткүчтө, юридикалык жактарга 170 (17 000) көрсөткүчтө айып пул салынат. Бул юридикалык жактарга гана колдонулат. Жеке жак мыйзам бузганда, мисалы жарнама бергенде бир эле расмий тилде берип, мамлекеттик тилде бербесе эскертүү берилет. Аны жойбосо гана анан чара көрүлөт», – деди Мелис Мураталиев.
Депутат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө карата сынак тапшырганын, бирок андан өтпөй калгандар да иштеп жатканын айтып, сынакты тапшыра албагандарга шыктандыруу максатында ийгиликтүү тапшыргандардын айлыгына кошумча төлөм киргизүүнү сунуштады.
«Мамлекеттик кызматта 2 кызматкер отурат. Алардын бирөө мамлекеттик тилде кат жазып берди, экинчиси жаза албай, ишти алып бара албай отурат. Экөөнүн айлыгы бирдей кетип жатат. Тил билбегендердикин бираз төмөндөтүш керек», – деди Марипов.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды