Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road-2025” эл аралык марафону болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев бул иш-чара спорттук жетишкендиктердин аянтчасы гана болбостон, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.
Ошондой эле өлкөдө спортту өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болуп жатканын айтты.
“2024-жылы тармакты каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 миллиард 141 миллион сомду түздү, ал эми 2025-жылга 2 миллиард 445 миллион сом бөлүү пландалууда. Өлкөдө жаңы спорт объектилери, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) стандарттарына жооп берген Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 2024-жылы 835 медалды өлкөгө алып келишти”, – деди ал.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын туристтик өлкө катары популярдуулугу өсүп жатканын белгилеп, жергиликтүү калктын салттуу меймандостугу мындан ары да дүйнөнүн төрт бурчунан спортту жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат деген ишенимин билдирди.
Марафондун алкагында жөө күлүктөр төмөнкү аралыктарда жарышты: марафон (42,2 км), жарым марафон (21,1 км), 10 км жана 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды