Главная страница » Чоң Чүй каналына мончодон чыккан сууну агызган жаранга айып салынды

Чоң Чүй каналына мончодон чыккан сууну агызган жаранга айып салынды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushБишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан Новопавловка аймагында агынды сууну өз билемдик менен агызган жаранга 5000 сом айып салынды.

Текшерүү учурунда О.А.Ж. аттуу жаран мончодон чыккан канализациялык сууну Чоң Чүй каналына агызганы аныкталган.

Бул аракет Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам бузуу болуп эсептелип, тиешелүү протокол түзүлдү.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган тургунга чара көрүлөрүн жазган. 

Маалыматка караганда, Новопавловка жана Алтын-Ордо айылдарына жакын жерде белгисиз жарандар мончодон чыккан саркынды сууну Чоң Чүй каналына төгүп жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан. Алар тиешелүү мекеме-кызматтарга арыз менен кайрылып, чара көрүүнү суранышкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы унаа ээсин табууга көмөк көрсөтүү үчүн кайгуул кызматына кат жолдонорун жана андан соң чаралар көрүлөрүн кабарлаган. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz