Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ош облусунун Чоң-Алай районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды, деп билдирди УКМК.
«2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү А.А. Чоң-Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кысым көрсөтүп, мыйзамсыз түрдө 0,45 га менен эки кабаттуу имаратты ээлеп алып, 2009-жылы 1536,99 чарчы метрлик «А.» ресторан комплексин куруп алган.
Ошол эле учурда 1999-жылдын май айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын айрым кызмат адамдары Дароот-Коргон айылынын борборундагы 0,17 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп беришкен. Учурда аталган жер тилкесинин ээси болуп саналган К.Э. объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды