Главная страница » Чанпэн Чжао Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду

Чанпэн Чжао Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири «Binance» компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолукту.

Тараптар Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын белгиледи. Ал санариптик сомду ишке киргизүү боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду. Тиешелүү мыйзамга жакында кол коюлган. 

Өз кезегинде Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга даярдыгын, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы тараптардын биргелешкен аракети Кыргызстанды жана бүтүндөй аймакты санариптик өзгөртүүлөрдүн борборуна айландыра аларына ишеним билдирди.

Ошондой эле Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz