Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Москва районуна караштуу Ак-Башат айылынын тургундары Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ашар жолу менен эстелик тургузууда. Бул тууралуу айыл тургуну, Ооган согушунун ардагери Жамалбек Сазыкулов билдирди.
«Чакан айылыбыздан эле Улуу Ата Мекендик согушка 79 адам аттанып, 37си кайтып келсе, 42си согушта каза болгон. Алардын жаркын элесине арналып Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ашар жолу менен эстелик тургузуу жумуштары башталды. Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам көрсөтүп жатышат. Айылдын бир тургуну бир козу бере турган болду. Аталардын аттары чегилип жазылган таш эстеликтин жанына коюлат», – деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды