Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Москва районунда кулпунайдын баасы 350-400 сомго арзандады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга соодагерлер билдирди.
Белгилүү болгондой, райондун борбору Беловодск айылында «Ярмарка» базары жайгашкан.
«Учурда жашылча-жемиштердин айрым түрлөрү бышып, сатыкка чыга баштады. Алардын бири кулпунай. Ал жаз, жай айларында биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы. Эгерде орточо чоңдуктагы лимондо канча С витамини болсо, 5 даана кулпунайда ошончо С витамини бар. Ошондуктан, күнүнө бир нече кулпунай жеп, иммундук системаңызды, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот. Чылым тарткандар үчүн өтө пайдалуу. Уйкусуздукту, чарчоону, кыжырданууну басып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, маанайды көтөрөт. Учурда жергиликтүү «Альбион» сортундагы кулпунай эгин талаасында бышып баштады. Мындан 10-15 күн мурда күнөсканадыгы 800 сомдон болсо, учурда килограммы 350-400 сомдон сатылып баштады. Себеби, эгин талааларында да терим башталды», – деди соодагер Ирина.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды