Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 28-апрелде Бишкек мэриясында мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев Сеул институтунун, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин жана башка компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Чыңгыз Айтматов проспектисинде (Манас проспектиси) Жибек Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин интеллектуалдык транспорттук чечимдерди киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты.

Маалыматта долбоор шаардык транспорттук системаны өнүктүрүүгө багытталган акылдуу жол чырак системаларын киргизүүнү, электрондук жол белгилерин жана маалыматтык такталарды орнотууну, жөө жүргүнчүлөр үчүн кыймыл шарттарын жакшыртууну, жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгүн жана коопсуздук деңгээлин жогорулатууну, шаардык инфраструктуранын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууну карай турганы айтылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды