Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына (U-23) жаңы башкы машыктыруучу дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Аталганл кызматка UEFA Pro лицензиясына ээ бразилиялык Эдмар Ласерда келди.
Ал профессионал футболчу катары Бразилиянын «Индепендьенте», «Паулиста» жана «Интернасьонал» клубдарында ойногон. 2003-жылы Украинага көчүп барып, «Таврия» клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин карьерасын Украинанын «Металлист», «Днепр» сыяктуу клубдарында уланткан.
Машыктыруучулук карьерасын 2019-жылы баштаган жана 2023-жылга чейин «Металлист-1925» клубунда машыктыруучу болуп иштеген, ал эми 2024-жылы Казакстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болгон.
Эдмар Ласерда 2025-жылдын сентябрь айында өтүүчү Азия кубогунун тандоо оюндарына курам дайындайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды