Главная страница » Бокс боюнча республикалык мелдеште кеминдик 24 мушкер алдыңкы орунду ээледи

Бокс боюнча республикалык мелдеште кеминдик 24 мушкер алдыңкы орунду ээледи

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush25-апрелден 28-апрелге чейин Кемин шаарында Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги Жумадил Майлыковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча IV турнир өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ага Ысык-Көл обласунун Түп, Күрмөнтү айылындарынан, Балыкчы шаарынан, Нарын шаарынан, Кочкор, Ат-Башы айылдарынан, Токмок, Кант, Кемин шаарларынан, Шабдан, Кызыл-Суу айылындарынан жаш спортчулар катышты. Жалпы 333 спортчу күч сынашып, Кемин шаарынын 24 жаш спортчусу алдыңкы орундарды алышты.

Кемин шаарынын 1-орунду жеңген спортчулары: Ариет Темирбеков, Санжар Абдимиталипов, Дияз Жарбанов, Чыңгыз Каныбеков, Эльдар Салмоорбеков, Майрамбек Кадырбеков, Назар Жолдошев, Даниэль Манасбеков.

2-орунду алгандар: Бекзат Чынарбеков Бекзат, Азирет Кубанычбеков, Урмат Жолдошев, Талант Акматбеков, Нурислам Бекболотов, Эльзан Кадыров, Нурмырза Белеков.

3-орунду алгандар: Келдибек Качканаков, Иман Шахтыбеков, Актан Турдубеков, Алиаскар Жумабеков, Баян Алмазбеков, Арслан Киримов, Актан Кадырбеков, Рыскелди Жолдошбеков.

Машыктыруучулары: Марс Абдырахманов жана Айбек Шарипканов.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz