Главная страница » Бишкектеги мектептин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилген

Бишкектеги мектептин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилген

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда 1994-жылы Бишкек шаарындагы №1 орто мектептин имаратынын бир бөлүгү мыйзамсыз мамлекеттик баланстан чыгарылып, жеке менчикке өтүп кеткен.

«»1992-жылдын 16-декабрындагы №1074 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2009-жылдан бери аталган мүлккө ээлик кылып келе жаткан жаран объектти жер участогу менен бирге ыктыярдуу жана акысыз түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин балансына өткөрүп берди.

2009-жылдан азыркы учурга чейин объект жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдаланылып келген. Мындай мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин эске алуу менен, аталган объектти мындан ары да билим берүү ишмердүүлүгү үчүн пайдалануу максатында объекттин мурдагы ээси менен ижара келишими түзүлөт», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz