Главная страница » Бишкекте Жеңиш күнү кантип белгиленет? Программа

Бишкекте Жеңиш күнү кантип белгиленет? Программа

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында Бишкек шаарында ар кандай иш-чаралар өтөт.

Бишкек мэриясы иш-чаралардын программасын жарыялады:

8-майда саат 10:00дөн 12:00гө чейин «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өтөт. Парадга Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери жана өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат. Парадда 120дан ашык аскердик жана атайын техника көрсөтүлөт. Иш-чарага Кыргызстандын жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы катышат.

8-майда Фрунзе көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 16:00дөн баштап аскердик техникалардын көргөзмөсү уюштурулат.

9-майда саат 10:00дө «Жеңиш» аянтында Түбөлүк отко гүлчамбар коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле саат 14:00гө чейин жоокердик ботко берилип, майрамдык концерт уюштурулат.

9-майда саат 09:00дө Д.Асанов атындагы сейил бактан Жукеев-Пудовкин/Ибраимов көчөлөрү аркылуу «Жеңиш» аянтындагы «Түбөлүк от» мемориалына чейин «Өлбөс полк» аскердик-патриоттук жөө жүрүш башталат.

9-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана россиялык артисттердин катышуусунда «Жеңиш ырлары» аттуу майрамдык концерт өтөт. Концертке кроссиялык артисттер: Radio Tapok, Amirchik, Тима Акимов, Татьяна Куртукова жана Дима Билан катышат. Концерттин аягында дрондордун шоусу күтүлөт.

Саат 12:00дөн баштап «Ала-Тоо» аянтында кыргыз жана орус элдеринин эрдигине арналган интерактивдүү аянтчалар иштейт.

Өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу 8-9-майда төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:

– Ибраимов көчөсү Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейин;

– Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;

– Чүй проспектиси Курманжан даткадан Турусбековго чейин.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz