Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарында 2013-жылы туулган Сабыржан Акунов жана 2014-жылы туулган Кажымуханов Бектурган Нышанович изделүүдө, деп маалымдады Октябрь РИИББдин басма сөз кызматы.
Алар 27-апрелде 12-кичи районунда жайгашкан мектептен чыккан боюнча үйүнө кайтып барышкан эмес. Факт каттоого алынган.
Белгилери:
– Акунов Сабыржан: бою 136 см, салмагы 35 кг. Кызыл шорты, кызыл футболка, кара жеңи жок күрмө жана кызыл гетра кийип жүргөн.
– Кажымуханов Бектурган Нышанович: бою 132 см, салмагы 32 кг. Кара спорттук үстү-асты кийим кийип жүргөн.
Балдардын кайда экени тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(312) 52-29-00, 0(312) 54-41-85, 0(507) 50-71-02, 0(706) 41-83-47 же 102 номурлары аркылуу байланыша алышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды