Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 1991-жылы туулган Толгонай кызы Мамбетсадык изделип жатат. Ал психикалык дарт менен жабыркайт, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
Толгонай кызы Мамбетсадык 2025-жылдын 5-мартынан бери дайынсыз. Аны саат 17:00 чамасында апасы «Ош» базарында соода кылып жүргөндө таппай калган. Апасы милицияга 29-апрелде кайрылды.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Мамбетсадык кызы Толгонайдын бою 150 см, арык чырай, чачы кыска кыркылган жана кара түстө. Ошол күнү кара куртка жана кара шым кийип жүргөн.
Милиция сүрөттөгү жаран тууралуу маалыматы бар тараптарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0 (312) 35-26-05, 0550 336 680, 0707 336 688 жана «102» кызматы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды