Главная страница » Бишкекте курулуш материалдары дүкөндөрүндө цемент жок болууда

Бишкекте курулуш материалдары дүкөндөрүндө цемент жок болууда

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  «Tazabek» маалымат каражатына курулуш компаниялары жана курулуш материалдарын сатып алуучулар тарабынан Бишкекте цементтин жетишсиздиги жаралгандыгы тууралуу маалымат келип түштү.

Буга байланыштуу «Tazabek» бир катар курулуш материалдары дүкөндөрүнө, цементти дүң жана чекене сатуу түйүндөрүнө кайрылды жана алар кампаларында цементтин жок экенин тастыкташты.

Кыргызстанда цемент өндүрүү 2025-жылдын I кварталында жылдык эсепте 51,6%га өскөн«СтройДвор.KG» курулуш материалдарын дүң-чекене сатуу түйүнүндө дүйшөмбүдөн бери цемент келбей жатканын билдиришти.

«Мегамастер» курулуш гипермаркети дагы «Tazabekке» цемент жок экенин кабарлады. Гипермаркеттен 10 күндөн кийин цемент келет деп күтүп жатышканын кошумчалашты.

«СТРОЙМАГ» курулуш дүкөнүндө да цемент жок болуп чыкты.

«СтройДом» да цементтин жетишсиздигин тастыктап, кампасында 15 күндөн бери цемент жок экенин маалымдады.

Курулуш дүкөндөрү эмнеден улам цемент жок болуп жатканын айтышкан жок, болгону бул курулуш материалы азырынча келбей жатканын билдиришти.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz