Главная страница » Бишкекте кибер алдамчылыктын катышуучусу кармалды

Бишкекте кибер алдамчылыктын катышуучусу кармалды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Алдамчылык жолу менен 1 млн 407 миң 212 сомду ээлеп алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек миициясы билдирди.

22-февралда Свердлов милицисына 1952-жылы туулган К.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өздөрүн УКМК кызматкери “Рыспаев”, ИИМдин кызматкери “Азамат” жана Улуттук банктын өкүлү деп тааныштырган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Алар алдамчылык жолу менен 1 млн 407 миң 212 сомду ээлеп алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1980-жылы туулган П.Р. кармалып, Свердлов РИИБге жеткирилген.

Мындан тышкары П.Р.нын жашаган жерин тинтүү учурунда иштеп жаткан сим-бокс аппараты, ошондой эле 4 даана уюлдук телефон, 2 даана ноутбук жана вай-фай роутери алынган.

Кармалган адам көрсөтмөсүндө жумуш издеп жүрүп сайттардын биринен IT тармагында жаңы иштеп баштагандарды издеген, ай сайын төлөнүүчү жумуш тууралуу жарыяны көрүп калганын айткан. Telegram аркылуу компания менен байланышып, андан соң Google аркылуу өзүн компаниянын директору деп тааныштырган адам чалган. Ал компания IP телефония менен алектенип, Skype’тын аналогун иштеп чыгып жатышканын билдирген. Андан кийин алар «СДЭК» аркылуу аппарат жөнөтүшкөн. П.Р. аппаратты алгандан кийин компания «AnyDesk» программасы аркылуу ага аралыктан туташкан.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz