Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил бакта Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин эстелик ташы орнотулду.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишке шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана акындын жакындары, замандаштары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, күйөрмандары катышты.
Министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев Сооронбай Жусуевдин элдин руханий байлыгына өлчөөсүз салым кошконун, терең философиялык ойлору менен кыргыз поэзиясынын көк тиреген чокусуна айланган улуу инсан экенин белгиледи. Ошондой эле анын калтырган мурасы кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин жана маданий өзөгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин айтты.
Сооронбай Жусуевдин эстелик ташын орнотуу демилгеси акындын 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды