Главная страница » Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда унаалар кагышып, бир адам каза болду

Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда унаалар кагышып, бир адам каза болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЧүй облусунун Кемин районунда Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда унаа жол кырсыгы катталып, жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 1-май күнү болгон.

Ал эми Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

«2025-жылдын 1-май күнү саат 04:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 89-чакырымында жол кырсыгы катталды. “Mercedes-Benz Sprinter-311” жүк ташуучу унаасын айдап бараткан 2001-жылы туулган Н.у.А. күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан.

Ошол учурда карама-каршы тилкеден келе жаткан жеңил унаа — “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Анын айдоочусу 1992-жылы туулган А.А.М. болгон.

Кырсыктын кесепетинен “Mercedes-Benz Sprinter 311” айдоочусу Н.у.А. жүзүн көгөртүп, терисинен жаракат алган.

Жеңил унаанын айдоочусу А.А.М., анын жүргүнчүсү — 2001-жылы туулган М.Э.М., ошондой эле жүк ташуучу унаанын жүргүнчүлөрү — 2003-жылы туулган Н.у.Э. жана 2010-жылы туулган К.К.К. Токмок шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Тилекке каршы, “Mercedes-Benz” жеңил унаасынын дагы бир жүргүнчүсү — 1990-жылы туулган Б.у.Ж. кырсыктан каза болгон», – деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz