Главная страница » Биринчи жолу Минкаб төрагасынын кубогу үчүн ат чабыш болду

Биринчи жолу Минкаб төрагасынын кубогу үчүн ат чабыш болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо биринчи жолу Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу үчүн ат чабыш өткөрүлдү.

Бул иш-чара 2025-жайкы туристтик мезгилдин салтанаттуу ачылышынын алкагында уюштурулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы сөзүндө күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин руханий маданиятындагы мааниси терең экенин белгиледи.

“Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени катары этноспортту өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы маданий диалогду чыңдоого өзгөчө маани берет”, – деди ал.

Кыска аралыкка ат чабуудан тышкары салттуу 20 чакырымга аламан байге да болду.

Мелдештин жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү.

Кыска аралыкка чабууда байгелүү орундарды ээлегендерге: 1-орунга 600 000 сом, 2-орунга 150 000 сом, 3-орунга 80 000 сом ыйгарылды. 

Минкаб төрагасы бул иш-чара жакшы салтка айланат деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz