Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан аны Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев тосуп алды.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжаонун эки тараптуу сүйлөшүүсү, ошондой эле президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышуу мерчемделген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды