Главная страница » Беловодск айылында бош орундар жана кесиптер жармаңкеси уюштурулду

Беловодск айылында бош орундар жана кесиптер жармаңкеси уюштурулду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКечээ, 30-апрелде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында бош орундар жана кесиптер жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жармаңке райондук мамлекеттик администрациясы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, билим берүү бөлүмү тарабынан биргеликте Нарзан айыл айыл аймагына караштуу Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейинин базасында уюштурулду. Ага жогорку жана кесиптик окуу жайлардан  мугалимдер, студенттер  жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. 

Район акиминин орун басары Мунара Мамаджанованын айтымында, бош орундар жармаңкеси жыл сайын райондо өтүлүп келет. 

«Бүгүнкү жармаңкеге 18 жогорку, 4 орто кесиптик окуу жайларынан жана райондон 19 жеке ишканалардан катышып, көргөзмө уюштурулду.  Негизги максаты — келечек муунду кесипти  туура тандоого жана жумуш берүүчүлөр тарабынан сунушталган бош орундар жөнүндө кененирээк маалымат алууга багытталган. Баарыңарга ак жол каалайм. Кесип тандоо — бул жашоону тандоо», – деди ал. 

Ал эми Беловодск айылынын тургуну Гүлзаркан Акбарова төмөнкүлөргө тотколду. 

«Биздин айылдагы жип, аркан, кап чыгаруучу ишканада эмгектенем. Анда бардык шарттар түзүлгөн. Айына 25-30 миң сом айлык маяна алам. Ишкана тарабынан ысык тамак-аш берилет» – деди ал.

Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол өнөрчүлүгү, №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейиндеги айыл чарба техникалары көрсөтүлдү. Иш-чарада ар түрдүү кесиптер жөнүндө маалыматтар берилип, катышуучуларга стунденттер жана жаш таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz