Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Мас абалында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди, деп билдирди 29-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Бишкекте 27-апрелде милициянын кайгуул кызматкерлери менен активисттер тарабынан рейд өткөн. Анын жүрүшүндө борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринин жанынан «Lexus LX570» унаасы текшерүүгө алынган. Бирок жол тандабастын айдоочусу милициянын талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.
Унааны токтотууга мүмкүн болгондо кайгуулчулар айдоочунун мас экенин байкашкан. Мындан тышкары, унаада дагы бир мас жүргүнчү болгон. Ал өзүн күч органдарынын кызматкери катары тааныштырып, байланыштары менен коркуткан.
Кайым айтышуудан кийин эркектер наркологиялык борборго жеткирилген. Текшерүүдө экөөнүн тең мас болгону аныкталган. Айдоочуга карата протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулган.
УКМКнын басма сөз кызматы видеодогу жүргүнчү адам бажы кызматкери болгонун маалымдаган. Ал УКМКга жеткирилип, ал жерде аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ал жүрүм-туруму үчүн кечирим сураган. Ведомстводон билдиришкендей, тартип бузган адам мамлекеттик органдарды жаманатты кылганы үчүн кызматынан бошотулган.
Өз кезегинде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы жол тандабастын жүргүнчүсү, 1990-жылы туулган К.В. аттуу жаранга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөнүн билдирди. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды