Главная страница » Базар-Коргондогу айылда унаалар кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди

Базар-Коргондогу айылда унаалар кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКечээ, 11-майда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 2 унаа кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалым болгондой, саат 23:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунда «Хонда Степвагон» жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 

«Бишкек—Ош унаа жолунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылындагы тилкесинде 2 унаа бет маңдай сүзүшүп, жолдон өтүп бара жаткан башка жүргүнчүлөр жаракат алган адамдарды унаадан чыгарып жатышкан экен. Окуя болгон жерге тез жардам чакырып, «Дэу Матиздеги» айдоочуну жана жүргүнчү аялды жибердик. Алардын абалы оор болчу», – деди алар. 

Базар-Коргон райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери Батырбек Субаналиев жаракат алгандардын абалы жөнүндө маалымат берди. 

«Кечээ түнү жол кырсыгынан жаракат алган 2 киши тез жардам менен келген. Алардын ичинен жүргүнчүсү амблатордук жардам алган. Ал эми 1996-жылы туулган айдоочу баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынган. Азыр анын абалы туруктуу», – деди дарыгер. 

Аталган жол кырсык катталгандыгын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү да ырастады. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz