Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Базар-Коргон районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, бир нече турак жайдын короо-жайын суу каптады. Мындан тышкары Арстанбап—Базар-Коргон жана Базар-Коргон—Жай-Терек унаа жолдорунун айрым тилкелерин суу бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Аккулов билдирди.
Анын айтымында, 2-май күнү саат 13:05тер чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн агын суулар Арстанбап айыл аймагындагы Гумкана айылында жайгашкан 2 турак үйдүн арткы бөлүгүнө кирген. Ошондой эле Жарадар айылындагы сел Жарадар сайынан жүрүп, дагы 1 үйдүн там аркасына суу кирген.
Тараша колотунан келген сел суулары Базар-Коргон—Кызыл-Үңкүр унаа жолунун төрт бөлүгүндө топтолуп, жалпы 2 чакырым жол жабылган. Бул тилкеден 12 миң м3 сел калдыктары тазаланып, жол каттамы кечки саат 21:00дө толук калыбына келтирилген.
Андан сырткары, Кеңеш айыл аймагындагы Каба айылында саат 14:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен да сел жүргөн. Айыл башчыларынын айтымында, турак жайларга суу кирген эмес. Бирок Базар-Коргон—Жай-Терек унаа жолунун 60 метрге чукул бөлүгүн сел жеп кеткен. Жол каттамы токтоп, куткаруучулардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракети менен саат 21:00гө карата жол бир тараптуу ачылган.
Ошондой эле Жай-Терек жолунда дагы эки жерде сел суулары жээкти жеп, техникалар үчүн кооптуу кырдаал жаралган. Жол саат 01:37де калыбына келтирилип, суу нуктары туура жолго багытталган.
Буга чейин Turmush басылмасы кечээ жааган жамгырдан улам Аксы районунда да сел жүрүп, бир нече турак жайдын короосун жана үч социалдык объектини суу каптаганын жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды