Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак аймагында өрүк бышып, бүгүн, 3-майдан баштап сатууга чыга баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү дыйкан-агроном Толубай Жалиловдун айтымында, өрүктүн баасын дүңүнөн эсептегенде бир килограммы 280 сомдон бааланган.
«Бүгүн кардарлар терип, сатып алып кетишет. Бул өрүктүн «Приция» деген сорту. Үч жылдык көчөттөр. Ар бири орто эсепте 20 килограммдан мөмө байлады. 3 жыл мурда ушул 1 гектар жерди өздөштүрүп, таштардан тазалап, көчөт отургузганбыз. Ар бир көчөттү 4 доллардан сатып алып, 600дөн ашуун көчөт эгилген. Буюрса быйыл үчүнчү жылы түшүмүн алып жатабыз. Өткөн жылы 9-майда терсек, быйыл 1 жума эрте бышты.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнөн суу жок, таштак жерден 20 гектар жер аянтын өздөштүрүү үчүн алдык. Айланып тосмолоп, анын 7 гектарына ушул эле «Приция» сортундагы өрүктүн көчөттөрүн отургуздук. Албетте бул көчөттөр өзгөчө кам көрүүнү талап кылат — тамырын карап, өз убагында дарылоону унутпайбыз. Мындан тышкары, башка сортторун да тажрыйба катары отургузуп көрдүм. Буюрса, эгер биздин климатка ылайык келсе, ал сортторду да көбөйтөбүз», -дейт ал.
- Кыргыз-Кыштак аймагы Баткен облусундагы аба ырайы ысык келген аймактардын бири болуп саналат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды