Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
Баткен облусунун аймагында күн жылыганына байланыштуу пакса дубалынан үй куруу иштери жанданды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жергиликтүү усталардын айтымында, пакса дубалын уруп берүүчү усталарга болгон талап орточо деңгээлде. «Бир нече жыл мурун бул тармакка суроо-талап абдан жогору болчу, азыр да Кудайга шүгүр, иш бар», – дешет алар.
Учурда пакса дубалынын баасы 2 метр узундукта, 2 метр бийиктикте тургузулса, башкача айтканда 4 чарчы метри үчүн 3000 сомду түзөт. Орточо эсеп менен алганда, 5 бөлмөлүү үйдү пакса дубалы менен тургузуу үчүн усталардын эмгек акысы 140-150 миң сомдун тегерегинде болот.
Усталардын белгилешинче, паксанын сапаты негизинен топуракка жараша болот. Ширелүү ылай колдонулса, дубал жарылып кетиши мүмкүн, ал эми ширеси аз ылай болсо, ал жарылбайт. Эгерде ылай суюк болуп, пакса дубалы кургап бүтө элек болсо, кулап калат. Учурда күн ысыгандыктан, бир катар айланган пакса бир жуманын ичинде кургап жатат.
Паксачы усталар өз ара милдеттерге бөлүнүшөт. “Ылайкаш” деп атай тургандар жалаң ылай даярдоо менен алектенишет. Ал эми “белкаш” деп аталгандар ошол даяр болгон ылайды устага көтөрүп беришет. Негизги уста болсо дубалды тургузуу ишин жүргүзөт.
Пакса дубалына байланыштуу кайсы бир мезгилдерде ушундай бир уламыш окуя болгон экен дешет.
Анда айтылганга караганда, бир убакта паксачы усталар иш үстүндө урушуп кетип, алардын бири экинчисин өлтүрүп алат. Изин жашыруу максатында маркумду пакса дубалына кошуп, дубалды уруп салышат. Анын дайынсыз жоголдуга чыгарып коюшат. Арадан убакыт өтүп, үй бүтүп жашоо башталат, бирок үйдүн бир бурчу көпкө чейин кургабай коёт. Үй ээси бир канча ай, жыл өтсө да үйүнүн бир бурчу кургабай жатканына таң калат. Үй ээси муну шек санап, дубалды бузуп көргөндө, дайынсыз жоголгон устанын сөөгү табылганы белгилүү болот экен деген уламыш айтылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды