Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи жана анын орун басары дайындалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде милициянын подполковниги Руслан Омошев Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп, ал эми анын орун басары милициянын подполковниги Айзек Жумабаев болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилерди өздүк курамга тааныштыруу аземи Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Нурмат Давлетов катышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды