Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаарынын Булак-Башы аймактык башкармалыгындагы Токтогул-Олуя конушунун таза суу маселеси толук чечилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 100гө жакын кожолук ичүүчү суу менен камсыз болгон.
«Учурда ар бир үйгө суу эсептегич орнотулуп, 24 саат таза суу камсыз болду. Долбоор жергиликтүү бюджеттин жана бейөкмөт уюмдун каржылык колдоосу менен ишке ашууда», – деп айтылат маалыматта.
2025-жылы 4-апрелде Turmush басылмасына Баткен шаарынын Булак-Башы аймактык башкармалыгындагы Токтогул-Олуя аймагы таза суу менен камсыз болоорун мэриядан билдиришкен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды