Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 28-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана “Чайна Роуд энд Бридж Корп.” (Кытай) компаниясы менен “Ысык-Көл шакек жолун, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырымдагы, узундугу 75 чакырым болгон участогун жакшыртуу долбоору” боюнча келишимге кол коюлду. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет жана ортодо бөлгүч тосмо орнотулат. Ошондой эле долбоордо тротуар, автобус токтоочу жай, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, калктуу конуштарда көчө жарыгын орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана лоток куруу каралган.
Башкы подрядчыга кыска мөөнөттүн ичинде база, карьерлерди даярдоо жана кызматкерлер менен атайын техникаларды мобилизациялоо иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Курулуш иштеринин башталышы ушул жылдын май айынын аягына пландалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды