Главная страница » Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине «Капитал банктын» айланасында болуп жаткан кептер боюнча маек берип, анда Бакиев темасын да козгоду.

«Жакында эле “Бакиев келет экен” деп бир дүрбөп чыгышты эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөөсү мага чыгып:

– Эски жараны козгобой эле койбойсуңарбы, -дейт.

– Эмне жара? – десем,

– Бакиев келе жаткан турбайбы, – дейт.

– Келсе эмне болуптур? 15 жылдан бери алып келе албай жаттыңар эле го? Келсе жакшы болуптур да. Кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз. Бир жагында силер – Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи жагында Бакиев олтурат дагы, соттук териштирүүлөр болот. 15 жыл мурда болгон жашыруун сырлардын баары ачылат эле да, – десем,

– Ошонун кереги жок эле да, – дейт.

Демек, корко турган бир нерселери бар да», – деген С.Жапаров берген маегинде.

Садыр Жапаров Ширшовду эки-үч жыл мурда мен кабыл алганын айтып, андан көптөгөн маалыматтарды алганын билдирди.

«Ал маалыматтардын пайдасы менен Максим Бакиевдин жана анын досторуна тиешелүү ири компанияны мамлекетке кайтардык. Юстиция министрлиги Францияда дагы бир вилласын кайтаруу боюнча иштеп жатат», – деди ал.

  • Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары өлкөнү башкарып турган. Ал апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен.
  • Өлкөнүн Аскердик соту 2014-жылдын июль айында Бакиевди, МККнын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан. Сот аларды Ак үйдүн аянтында демонстранттарды массалык түрдө атууга жана башка иштерге күнөөлүү деп тапкан.
  • 7-апрелде 87 адам курман болгон. Үчөө тең Кыргызстандан тышкары жерде жүргөндүктөн, сырттан соттолгон. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz