Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы бүгүн, 27-апрелде Түркиянын курама командасы менен беттешет.
Беттеш Стамбул шаарында үчүнчү дивизиондун А тайпасындагы командалар арасындагы дүйнө чемпионатынын акыркы 5-турунун алкагында өтөт. Оюн Бишкек шаарынын убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Төрт турдун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 12 упай менен 1-орунда турат.
Түркиянын курама командасында 9 упай бар. Аны менен 2-орунду ээлеп турат. Түркмөнстандын курама командасы 9 упай менен турнирдик таблицада 3-орунда.
Турнирдин жыйынтыгында бир гана команда экинчи дивизионго (В тайпасы) жолдомо алат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды