Главная страница » Ат-башылык тургун келинчегинин каршылыгына карабай уулуна Кыргызстанда жок ысым ыйгарган

Ат-башылык тургун келинчегинин каршылыгына карабай уулуна Кыргызстанда жок ысым ыйгарган

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushАт-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Эдил Ибраимов уулуна Кыргызстанда жок ысым ыйгарган. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Ал уулуна Кайлас деген ысымды көпчүлүктүн каршылыгына карабай койгон. Кайлас Алымкулов 2022-жылы Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.

«Энесинин курсагынан эле эркек деп угуп, нары ойлонуп, бери ойлонуп Кайлас деген тоонун атынан «атына заты жарашкан миң кырлуу, көп сырдуу тоодой бийик, элине тоодой кызмат кылган уулдардан болсун» деп, жакшы тилек-ниет менен койдум. Уулумдун ысымын эч кимге кеңешпей, энесинин каршы болгонуна карабастан коюп койгом. Чоң атасына койдурушум керек эле. Энеси, тайлары, туугандарым жерип жүрүшүп, көнүп кетишти.

Сураштырып көрсөм Кыргызстанда Кайлас деген ысым жок экен. Өзүм тоолорду жакшы көрөм. Тоодо өскөм, тоолор жөнүндө ыр жазам. Тоодо жүрүп, бийик ойлорду ойлоп, Чыңгыз атабыздай залкар уул болуп чыксын дедим. Тоолорго болгон сый-урматым терең. Өзүбүздүн тоолордун атынан деле койсом болмок. Бирок бул ысым жакты», – деди атасы Э.Ибраимов.

Кайлас тоосу Тибетте жайгашкан. Ал өз аймагындагы эң бийик тоо жана башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Кайластын бийиктиги 6666 метр, 6638 метр делип, бийиктиги дагы эле талаштуу маселе бойдон калууда.

Кайлас аймагында Тибет, Индия жана Непалдын төрт негизги дарыясы Инд, Сатледж, Брахмапутра жана Карнали агат.

Жердин рельефинен, спутниктик сүрөттөрдүн жана топографиялык карталардын маалыматтарына ылайык, Кайлас мөңгүлөрүнөн аккан бардык суу агымдары Ланга-Цо көлүнө куят.

Тоонун чокусун эч ким багынта элек. 1985-жылы атактуу альпинист Райнхольд Месснер Кытай бийлигинен чыгууга уруксат алып, бирок акыркы учурда баш тартып койгон. Ал эми, 2000-жылы испан экспедициясы жетиштүү суммага Кытай бийлигинен Кайласты багындырууга уруксат сатып алган. Команда түбүнө базалык лагерь орноткон. Бирок көпчүлүктүн каршылыгынан улам алар дагы тоого чыга алышкан эмес.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz